Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров Ысык-Көлдө IT айылын ачууну сунуштады

Кыска кабар | 29 мая 2022 | 323 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын «Сколково» фондуна Ысык-Көлдө IT айылын ачууну сунуштады.

Ал бул тууралуу «Заманбап санариптик банк жана экосистема» форумунда айтты.

Жапаров санарип инновацияларды адам жашоосунун бардык чөйрөлөрүнө, банктык же мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө активдүү киргизүүнү колдоого даяр экенин белгиледи.

«Финансы продуктуларын заманбап IT тармагынын  мүмкүнчүлүктөрү менен айкалыштыруу бүтүндөй экономиканын өндүрүмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун олуттуу түрдө жогорулата алат. Кыргызстан бул дүйнөлүк тенденциялардан четте калган жок. Биздин өлкөдө финансылык технологияларды өнүктүрүүнүн негизги багыттары болуп электрондук коммерция, финансылык жана банктык кызмат көрсөтүүдө аралыктан тейлөөнү активдүү өнүктүрүү саналат. Биз муну менен эле токтоп калбастан, өлкөнүн каржылык-экономикалык процесстерине накталай эмес инновациялык продукцияны киргизүүнү тездетип жатабыз”-деп белгиледи Акылбек Жапаров.

«Сколково» Фондунун компетенттүүлүк борборунун директору Павел Новиков санариптик индустрияны өнүктүрүүдө мамлекеттик колдоону көрө турганын белгилеп, каржы-экономикалык чөйрөдө, ошондой эле жергиликтүү стартаптарды жана санариптик инновацияларды киргизүүдө, кызматташууга даяр экенин билдирди.

Форумга Орусиянын 8 ири IT компаниясы катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM