Биз менен байланышыңыз

Кумшекерди 6 айга экспорттоого тыюу салуу сунушталды

Кыска кабар | 29 мая 2022 | 437 | 0

Айыл чарба министрлиги Кыргызстандан кумшекерди 6 айга экспорттоого тыюу салууну сунуштоодо. Тиешелүү токтомдун долбоору Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.

Анда Кыргызстандан кумшекерди массалык түрдө экспорттоону болтурбоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында ак кантты жана чийки камыш кантты экспорттоону чектөө сунушталып жатат.

Министрликтин маалыматына караганда, 2022-жылы кант кызылчасынын дүң жыйымы 92,6 миң тоннаны түздү, бул республиканы кант менен 59,5% камсыздайт.

Ошол эле учурда Кыргызстандын ички керектөөсүн жабуу үчүн жылына 170,8 миң тонна кумшекер талап кылынат. Мындан тышкары, өлкөнү кумшекер менен камсыз кылуу үчүн 75-79 миң тонна кумшекер импорттоо зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM