Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк: Валюта рыногунда абал туруктуу

Кыска кабар | 27 мая 2022 | 210 | 0

Улуттук банк валюта рыногундагы абалды туруктуу деп баалап, курстун өзгөрүп турушун табигый көрүнүш деп атады.

Улуттук банктын билдиришкендей, учурда ички валюта рыногунда чет өлкө валютасына карата суроо-талап өсүп жаткандыгы байкалууда. Ошентсе да ички валюта рыногунда кырдаал туруктуу сакталып турат.

«Алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүү режими колдонулган өлкөлөрдө алмашуу курсунун өзгөрүп турушу табигый көрүнүш жана ал дайыма эле Улуттук банктын кийлигишүүсүн талап кыла бербейт. Валюта рыногунда суроо-талаптын же сунуштун жогорулашы менен байланышкан алмашуу курсу кескин өзгөргөн мезгил ичинде Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө максатында валюталык интервенцияларды жүргүзүп турат» , — деп айытлыат маалыматта.

Ушул жылдын башынан тартып 26-майга чейин алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн теңдеширүү максатында, Улуттук банк 284,30 млн доллар чет өлкө валютасын сатуу боюнча беш интервенция жана 46,45 млн доллар сатып алуу боюнча эки интервенция жасаган. Жыйынтыгында таза сатуу 237,85 млн долларды түзгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM