Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак компаниялары 1.5 млн долларлык келишимге кол коюшту

Кыска кабар | 27 мая 2022 | 225 | 0

26-майда Бишкекте кыргыз-казак ишкерлер кеңешинин экинчи жыйыны өтүп, анын алкагында эки тарап 1.5 млн доллардан ашык суммадагы келишимдерге кол коюшканын Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматы билдирди.

Анда төмөнкү келишимдерге кол коюлду:

  • Kelum-KazPharm ЖЧШ  жана BMG Pharm ЖЧК — медициналык буюмдарды жеткирүү, 350 миң доллар,
  • «Салем Кус» ЖЧШ жана «Кыргызский соколиный центр Мураз» ЖЧК — канаттууларды жеткирүү, 460 миң доллар,
  • «Элтекс Алатау» ЖЧШ жана «ЛОКТЕХНО» ЖЧК — кызматташуу меморандуму, жабдууларды жеткирүү, 300 миң доллар,
  • Free Mark ЖЧШ жана «АгроЛогистикГрупп» ЖЧК — жумуртка кесмесин өндүрүү, 400 миң доллар,
  • Alpine Club бейөкмөт уюму жана Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясы — туризм тармагында өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө келишим түзгөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар туризм жана жеңил өнөр жай тармагындагы бир катар ири инвестициялык долбоорлорду, кыргыз-казак чек арасында өнөр жай соода-логистикалык комплексин куруу маселелерин талкуулашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM