Биз менен байланышыңыз

Бейшеналиев иштен алган бөлүм башчылар сотко кайрылышат

Кыска кабар | 27 мая 2022 | 1634 | 0

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин буйругу менен кызматтан алынган бөлүм башчылар бул чечимге каршы арыз жазышты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, жетекчилик тарабынан белгилүү мыйзам бузуулар болгондо аны айтып чыгуу керектиги мыйзамда так жазылып турат. Ошого байланыштуу кызматкерлер маалымат жыйын өткөргөндө министрдин ишин сындаган эмес, мыйзам бузуулар тууралуу айтышкан.

Мыйзамга ылайык, биз өз милдетибизди аткардык, мыйзам бузган жокпуз. Маалымат жыйын өткөргөн чейин өкмөткө кайрылганбыз. Кызматкерлер тууралуу мыйзам бузулган жок. Мындан тышкары, Эмгек кодекси боюнча, кызматкерди иштен алуу үчүн комиссия түзүү керек, биздин кыймыл-аракетибиз туура же туура эмес экени аныкталышы керек. Ошого жараша чечим кабыл алынат. Бүгүнкү күндө өкмөт тарабынан комиссия түзүлгөн, анын жыйынтыгы эмгиче чыга элек. 

Министрдин бүгүнкү буйругу кызматтык абалынан пайдалануу болуп калат. Себеби сүйлөгөн сөздөрүнөн да байкасаңар болот, министрликти өз менчигиндей көрү калган окшойт. «Менин юристим, менин адисим» деген сөздү дайыма айтат. Буга чейин да мамлекеттик кызматкердин этикасына туура келбеген көп ашыкча сөздөрдү сүйлөгөн.

Юристтин айтымында, министрдин бул буйругунун мыйзамдуулугун текшерүү үчүн Башкы прокуратурага, президентке жана өкмөт башчыга арыз жазылды. Бөлүм башчылар сотко да кайрылууну пландап жатышат.

Эске салсак, 16-майда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин орун басарлары Улук-Бек Бектурганов, Жалалидин Рахматуллаев, Жапаркул Ташиев жана айрым башкармалыктардын жетекчилери министрдин кызматтан кетишин талап кылып, маалымат жыйын өткөрүшкөн. Алар Алымкадыр Бейшеналиевдин ээлеген кызматына ылайыктуулугун карап көрүүнү өтүнүп, президент жана өкмөт башчыга кайрылышкан.

Бүгүн, 27-майда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев министрликтин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова, Юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев, Өндүрүштүк иш бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Ибраева кызматтан алды.

Бул «башкармалык тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформаларды ишке ашыруу жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин борбордук аппаратында коюлган максаттарга жетүү максатында» жасалганы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM