Биз менен байланышыңыз

«Улуттук нарк жөнүндө» жарлыкты ишке ашыруу талкууланды

Кыска кабар | 27 мая 2022 | 335 | 0

Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 27-майда президент Садыр Жапаровдун «Улуттук нарк жөнүнд» жарлыгын ишке ашыруу боюнча конференцияга катышты.

Жарлыкты ишке ашыруу жана максаттарына жетүү максатында Мамлекеттик катчыга коомчулуктун, билим берүү жана илим, маданият чөйрөсүнүн өкүлдөрүн, бардык кызыкдар тараптарды тартуу менен ушул жылдын 1-сентябрына чейин Улуттук наркты сактоо жөнүндө улуттук программаны иштеп чыгуу жана сунуштоо тапшырылган.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Мамлекеттик катчы кыргыз элинин көчмөн каада-салты, жашоо-турмушу, үрп-адаттары элдин аң-сезиминде эзелтеден орун алып, муундан-муунга өтүп келе жатканын белгиледи.

«Элибиздин каада-салты, жашоо-турмушу, үрп-адаттары ар дайым биз менен болуп, бизге таяныч болуп келген. Салт – биздин мурасыбыз, өзгөчөлүгүбүз. Аларды эстен чыгарбай, ар тараптан өнүктүрүү жана келечек муунга өткөрүп берүү бүгүнкү биздин милдет. Биз дайыма салтты карманып келгенбиз. Алар биздин үйдө туугандар менен болгон күнүмдүк мамилебизде, көчөдө кошуналар менен болгон мамилебизде жана башкаларда даана көрүнүп турат», — деп белгиледи ал.

Азыркы учурдагы кыргыз элинин каада-салты, жашоо-турмушу деген темадагы талкууга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, маданият ишмерлери, педагогдор, аймактардан келген аксакалдар, ошондой эле ар кыл коомдук бирикмелердин өкүлдөрү да катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM