Биз менен байланышыңыз

Мамытов Азербайжандын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Кыска кабар | 27 мая 2022 | 302 | 0

Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гандилов Латиф Сейфаддин оглун кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы ар тараптуу байланыштарды арттыруу маселелери талкууланып, парламенттик кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Талант Мамытов Кыргызстан менен Азербайжан ортосундагы алакаларга жогору баасын берип, кийинки жылы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы белгиленерин айтты.

Ошондой эле Талант Мамытов парламенттик алакаларды кеңейтүү маселелерине токтолуп, бул жааттагы дипломатия мамлекеттер аралык мамиле үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Гандилов Латиф Сейфаддин оглу Азербайжан мамлекети Кыргызстан менен ар тараптуу байланыштарды чыңдоого кызыкдар экендигин айтып, стратегиялык өнөктөш катары кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу керектигин билдирди.

Жолугушууда эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу жана депутаттык достук топторунун ортосундагы диалогду кеңейтүү маселелери көтөрүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM