Биз менен байланышыңыз

Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүрөт

Кыска кабар | 27 мая 2022 | 340 | 0

30-майдан 3-июнга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 129 чакырымында таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан кабарлашты.

Жумуштар Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин башталат, күндүз жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке менен жүрөт. 30-40тан ашык унаа топтолуп калган учурда таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.

Бул иш-чара жол боюна таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM