Эртең, 28-майда Ош шаарында ден соолукту чыңдоочу жалпы жеңил атлетика боюнча жазгы жарыш өтөт.
Жарыш бардык каалоочулар арасында өтөт. Анда 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкта чуркоого болот.
Маалыматка ылайык, иш-чарага ЖОЖдордун жана колледждердин студенттери, орто мектептердин окуучулары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, укук коргоо органдарынан катышат.
Ош мэриясы каалоочуларды жарышка катышууга чакырат.
Спорттук иш-чаранын жеңүүчүлөрү Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин тиешелүү дипломдору, медалдары, баалуу сыйлыктары жана кызыктыруучу белектери менен сыйланышат.
Иш-чаранын максаты – чуркоону жайылтуу, калк арасында сергек жашоо образын калыптандыруу, жарандарды спортко тартуу.