Биз менен байланышыңыз

28-майда Ош шаарында массалык жазгы жарыш болот

Кыска кабар , Спорт | 27 мая 2022 | 533 | 0

Эртең, 28-майда Ош шаарында ден соолукту чыңдоочу жалпы жеңил атлетика боюнча  жазгы жарыш өтөт.

Жарыш бардык каалоочулар арасында өтөт. Анда  400, 500, 1500, 2200 метр аралыкта чуркоого болот.

Маалыматка ылайык, иш-чарага ЖОЖдордун жана колледждердин студенттери, орто мектептердин окуучулары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, укук коргоо органдарынан катышат.

Ош мэриясы каалоочуларды жарышка катышууга чакырат.

Спорттук иш-чаранын жеңүүчүлөрү Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин тиешелүү дипломдору, медалдары, баалуу сыйлыктары жана кызыктыруучу белектери менен сыйланышат.

Иш-чаранын максаты – чуркоону жайылтуу, калк арасында сергек жашоо образын калыптандыруу, жарандарды спортко тартуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM