Биз менен байланышыңыз

Лондондогу кинофестивалда Кыргызстандын тасмасы эң мыкты деп табылды

Кыска кабар | 27 мая 2022 | 299 | 0

19-майдан 25-майына чейин Лондондо Евразия кинофестивалы менен Ромфорд кинофестивалын бириктирген масштабдуу төртүнчү кинофестиваль өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Фестивалда даректүү, көркөм жана кыска метраждуу тасмалар, ошондой эле анимация категориялары боюнча 50дөн ашык фильм көрсөтүлдү.

Анда кыргызстандык режиссер Тынай Ибрагимов тарткан “Саякбай жана Битлз” аттуу кыргыз тасмасы кинофестивалдын “Мыкты даректүү тасма” деген номинациясында жеңүүчү аталды.

Ошондой эле «Көрүүчүлөрдүн тандоосу» аттуу номинациясын кыргызстандык режиссер Виктория Архангельскаянын «Жаңыртуу» деген тасмасы алды.

25-майда сыйлыктарды тапшыруу аземине Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Улан Жусупов катышты.

Фестиваль евразиялык кинематографияны англис тилдүү чөйрөдө өнүктүрүүгө арналган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM