Биз менен байланышыңыз

Зулушев Баткен облусуна иш сапары менен барды

Кыска кабар | 27 мая 2022 | 244 | 0

 26-майда Башкы прокурор Курманкул Зулушев Баткен облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Башкы прокурор облуста мыйзамдуулуктун сакталышы жана анын аткарылышы боюнча талаптардын ишке ашырылышы менен таанышты.

Ошондой эле республика боюнча болуп өткөн ротациянын негизинде Баткен областына дайындалган прокурорлор жана областтын бардык прокуратура кызматкерлери менен жолугушту.

Алардын иштөө шарттары, турак жай маселеси жана Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасынын имараты, алардын кызматтык үйдүн курулуштары менен таанышып чыкты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM