Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак соода-логистикалык комплексин курууга капсула салынды

Кыска кабар | 26 мая 2022 | 278 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында биргелешкен кыргыз-казак индустриалдык соода-логистикалык комплексин «Ак-Тилек» жана «Кара-Суу» автожол өткөрмө пункттарынын аймагында курууга капсула салынды.

Капсула салуу аземи Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев менен Казакстандын вице-премьер-министри Бахыт Султановдун катышуусунда өттү.

Аталган индустриалдык соода-логистикалык комплекстин базасында келечекте сүт азыктарын өндүрүү, жер-жемиш жана мөмө-жемиштерди кайра иштетүү, консерваланган төө буурчакты чыгаруу, этти кайра иштетүү, бээнин сүтүнөн капсула түрүндө жасалган биоактивдүү кошумчалар, фармецевтикалык препараттарды, кийим-кечелерди жана башкаларды чыгаруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM