Connect with us

Бишкекте аял режиссерлорунун IV кинофоруму башталды

Кыска кабар | 26 Май 2022 | 354 | 0

Бүгүн, 26-майда Бишкекте «Кыргызстан айым-режиссерлорунун IV кинофоруму» башталды. Форумга 18 аял режиссердун 14 тасмасы катышууда.

Кабарчыбыздын маалыматына караганда, биринчи күнү Клара Юсупжанованын «Салам жайлоо» фильми көрсөтүлөт.

26-27-28-май күндөрү өтө турган иш-чара быйыл Швейцария өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен өтөт жана ага коңшу мамлекеттерден да коноктор чакырылган.

Бул жылы кинофорумга 40тан ашык фильм келип түшкөн. Алардын ичинен 14 тасма тандалып алынды.

«Кыргызстан айым – режиссерлорунун I кинофоруму» алгачкы ирет 2016-жылы 17-декабрда өткөн. Кинофорумдун максаты, режиссер айымдардын башын бириктирүү, өз ара пикир алышууга шарт түзүү, аларды шыктандыруу, режиссер жана сценарист айымдардын тасмаларын, эмгектерин жайылтуу.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM