Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандык ырчы Наргиз Украина тууралуу айтканы үчүн Орусиядан депортацияланат

Дүйнө , Кыска кабар | 26 мая 2022 | 789 | 0

Өзбекстандык ырчы Наргиз Закирова 24-май күнү Ташкенттен Москвага учкан. Бирок ал «Домодедово» аба майданында кармалганы айтылды.

Учурда 51 жаштагы Наргиз Закирова аэропортто кармалып турат, ал Орусиядан Өзбекстанга депортацияланышы мүмкүн. Советтик жана өзбекстандык ырчынын кармалуусуна анын Украина тууралуу Орусияны айыптап жазган пикирлери себеп болушу мүмкүн.

Наргиз Закированын эки бир тууган агасы Жавохир Закиров да бул маалыматты тастыктап, өзү Түркияда сериал тартып жүргөнүн айткан. «Мен Түркияда жүрүп уктум. Наргиз Инстаграмда Орусиянын Украинага кол салуусу тууралуу жазган болчу. Мен ага эскертип, бул темага аралашпагыла, эч нерсе жазба, чыгарба, — деп айткам. Бирок ал менин эскертүүлөрүмдү уккан жок. Акыркы мезгилде биз аны менен чыгармачылык жактан кызматташпай калганбыз. Жадагалса соңку 3-4 күндө сүйлөшкөн да эмеспиз. Жыйынтыгында мен аны менен кызматташуумду токтоттум, менде башка тандоо калган жок», — деген Наргиз Закированын тууганы.

Ырчы Наргиз совет мезгилинде атактуу болгон өзбекстандык «Ялла» үй-бүлөлүк тобунун мүчөсү. Ал чыгармачылыгын Орусияда улантып келет. 2013-жылы «Голос» телешоусунда 2-орунду алган. Кийинчерээк продюссер Максим Фадеев менен кызматташып, бир топ хит ырларды жараткан. 2019-жылы Фадеев кызматташууну токтотуп, Наргизге чыгармаларын аткарууга тыюу салган. Өзбекстандык ырчы кийинчерээк продюссер Виктор Дробышев менен иштеп баштаган.

Наргиз Закировада АКШнын да жарандыгы бар. Ал Крымда концерт бергени үчүн Украинага кирүүгө тыюу салынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM