Биз менен байланышыңыз

Токаев менен Жапаровдун расмий жолугушуусу башталды

Кыска кабар | 26 мая 2022 | 356 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында тосуп алып, расмий жолугушуусу башталды.

Казакстандын президенти алгач ардак кароол менен саламдашып, эки өлкө делегациялары менен мамлекет башчыларынын таанышуусу болуп өттү. Андан соң эки өлкө башчылары тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө киришти.

Мындан тышкары өлкө башчылары кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык тармактардагы өз ара алаканы талкуулашат.

Жолугушуулар өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгынын алдында президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен өтүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM