Биз менен байланышыңыз

Окуучу кызды сабаган мугалим боюнча комиссия түзүлдү

Кыска кабар | 26 мая 2022 | 1178 | 0

Социалдык тармактарда мугалимдин окуучуну сабаганы тууралуу видео тарады. Ал Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Сафаровка айылынын Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектебинин информатика сабагынан берген мугалими экенин Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Окуя 23-майда болгон. Буга байланыштуу Сузак райондук милициясы тарабынан териштирүү иштери жүрүп, Сузак райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан комиссия түзүлгөнү кабарланды.

«Бүгүн комиссия жеринде териштирүү иштерин баштайт, жыйынтыгына жараша чара көрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM