Биз менен байланышыңыз

Жапаров: ЕАЭБ экономикалык шериктештиктин үлгүсү болушу керек

Кыска кабар | 26 мая 2022 | 334 | 0

Бишкекте өтүп жаткан биринчи Евразиялык экономикалык форумдун ачылышында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЕАЭБ саясий биримдикке агылган экономикалык шериктештиктин үлгүсү болушу керектигин белгиледи.

Ошол эле учурда евразиялык интеграциялык долбоор үчүн өлкөнүн өндүрүүчүлөрүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу өз рыногун өнүктүрүү минималдуу милдет болуп саналат. Тышкы рынокто позицияларды бекемдөө болсо максималдуу милдет болуп саналат.

2021-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча, биримдиктин ИДПсы 4,5%, курулуш тармагында кошумча дүң нарк 5%, айыл чарбасында 0,05%, өнөр жайда 4,1%, негизги капиталга инвестициялар 5,7%га өскөн.

Беларусиянын, Казакстандын жана Орусиянын ИДПсы пандемияга чейинки деңгээлге жетип, 2021-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу тиешелүүлүгүнө жараша 2,3%, 4,0% жана 4,2%га өстү. Армения менен Кыргызстанда ИДП 4,1% жана 3,6% өстү.

2021-жылдын аягында белгиленген тенденцияларды сактоо менен тышкы соодада экспорттун көлөмү (42,5%га өсүү) 2015-жылдан берки максималдуу мааниге ээ болгон 500 млрд АКШ долларына жетти, ал эми өз ара сооданын көлөмү (32,4%га өсүү) 70 миллиард АКШ долларынан ашып, жаңы тарыхый бийиктикке жетти.

ЕАЭБтин тышкы соода жүгүртүүсүндөгү Евробиримдиктин үлүшү 2015-жылдагы 46,2%дан 2020-жылы 36,7%га кыскарган.

ЕАЭБтин тышкы соода жүгүртүүсүндөгү Азия-Тынч океан Экономикалык Кызматташтык (АТЭС) жана Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн үлүшү, тескерисинче, бул мезгилде 29,6%дан 36,4%га жана тиешелүүлүгүнө жараша 16,3%дан 24,1%га өстү.

2021-жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө бюджеттин балансынын жакшыруусу байкалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM