Connect with us

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 10 млрд 329 млн куб метрди түздү

Кыска кабар | 26 Май 2022 | 308 | 0

Бүгүн, 26-майда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 329 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Суунун агып келиши секундасына 651куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 283 куб метрге жетүүдө.

2021-жылдын апрель айында Токтогулда суу кескин азайып, ГЭСтеги суу 8,5 млрд куб метрге чейин жеткен.

Суу сактагычтын максималдуу чеги 19,5 млрд куб метр. Мындай көлөмдөгү суу Токтогулга 2017-жылы толгон. Ал эми эң төмөнкү чеги 2008-2009-жылдары, кийин 2014-жылы 6,4 млрд куб метрге чейин жеткен.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM