Биз менен байланышыңыз

Винера Раимбачаева Социалдык саясат комитетинин төрайымы болду

Кыска кабар | 25 мая 2022 | 344 | 0

Бүгүн, 25-майдагы парламент жыйынында депутат Винера Раимбачаева Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы болуп шайланды.

Жогорку Кеңеште Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымын шайлоо өтүп, жашыруун добуш берүүнүн негизинде 66 депутат талапкерди колдосо, 10 депутат каршылыгын билдирди.

Жыйынтыгында депутат Винера Раимбачаева Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы болуп шайланды.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган тармактык комитетти жетектеп келген депутат Динара Ашимова өз каалоосу менен төрайымдыктан кеткен. Ага ылайык, «Ыйман Нуру» фракциясы Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымынын кызмат ордуна депутат Винера Раимбачаеваны сунуштаган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM