Биз менен байланышыңыз

Экономикалык форумда 10го жакын келишимге кол коюу пландалууда

Кыска кабар | 25 мая 2022 | 154 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эртең, 26-майда Бишкекте өтүүчү биринчи Евразиялык экономикалык форумдун ачылышына катышат.

Экономикалык форум Кыргызстандын төрагалыгында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын алкагында өтүүдө.

Экономикалык форумга катышуу үчүн ишкер чөйрөлөрүнүн жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнөн 2500дөн ашык адам катталды.

Форумда транспорттук-энергетикалык инфраструктураны мындан ары өнүктүрүү, каржы-банк саясаты, өнөр жай тармагындагы кызматташтык, санарип жана жаштарга багытталган күндүн темалары, электрондук соода жүгүртүү жана кызматташуунун жаңы ыкмалары боюнча талкуулар пландаштырылууда.

Иш-чара өтүүчү даректер:

— Novotel мейманканасы – министрлер кабинетинин башчысынын катышуусунда форумдун ачылышы, «Глобалдык өзгөрүүлөрдүн доорунда евразиялык интеграциянын стратегиялык өнүгүү келечеги», «ЕАЭБ 2.0 санариптик күн тартиби» панелдик талкуулары;

— Sheraton мейманканасы — панелдик дискуссиялар «Финансы рыноктору жана өнүктүрүү институттары макроэкономикалык туруктуулуктун мүмкүнчүлүктөрү жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалары үчүн өсүү чекиттери», «Экономиканы өнүктүрүүгө жана интеграцияга көмөктөшүү үчүн энергетикалык жана транспорттук инфраструктура», «ЕАЭБде өз ара аракеттенүүнүн жаңы багыттары»;

— «Орион» мейманканасы – «Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси -Биримдиктин экономикалык өсүшүнүн кыймылдаткычы жана экономикалык коопсуздукту камсыздоосу катары»;

— «Фрунзе» рестораны — «Стратегия – 2025: ЕАЭБди өнүктүрүү боюнча жаштардын көз карашы» тематикалык сессиясы.

Форумдун алкагында 30дан ашык иш-чара өтөт. Экономикалык форумда 10го жакын меморандум жана келишимдерге кол коюу пландалууда. Анын алкагында «Орион» мейманканасынын алдында Евразия экономикалык кеңешинин агроөнөр жайынын мыкты продукцияларынын көргөзмөсү да уюштурулат.

Форум өтүүчү бардык жайларда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн пресс-залдар түзүлгөн, ошондой эле иш-чаранын спикерлери үчүн пресс-конференциялар уюштурулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM