Биз менен байланышыңыз

ЕЭКтин коллегиясынын төрагасы Бишкекке келди

Кыска кабар | 25 мая 2022 | 208 | 0

Бүгүн, 25-майда Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович башында турган делегация Бишкек шаарына келди.

Михаил Мясникович Бишкекте 26-майда өтө турган биринчи Евразиялык экономикалык форумуна, 27-майда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйындарына катышып, Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрөт.

26-майда өтө турган экономикалык форумга 15 өлкөдөн 2,5 миңден ашык адам катышат. Форум коронавирус пандемиясына байланыштуу тыныгуудан кийин ЕАЭБдеги ири бизнес иш-чараларынын бири болмокчу. Анын алкагында 35 иш-чара өтөт. Форум Евразиялык экономикалык биримдигинин өлкө башчыларынын катышуусундагы пленардык жыйынды, андан тышкары, 21 тематикалык сессияны камтыйт.

Ал эми 27-майда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин лидерлеринин катышуусунда видеоконференция форматында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйыны өтөт.

Саммиттин күн тартибинде 14 маселени талкуулоо пландаштырылган.

Жыйынга Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышат. Байкоочу өлкөлөрдүн лидерлери катары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Кубанын президенти Мигель Диас-Канель катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM