Биз менен байланышыңыз

Баткенде коңшу өлкөнүн жараны 8 кг апийим менен кармалды

Кыска кабар | 25 мая 2022 | 194 | 0

УКМК тарабынан атайын операциянын жүрүшүндө жалпы салмагы 8 кг 350 гр болгон баңги заты табылды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

«Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан-Орусия» каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдөгү чийки апийим ташуу менен алектенген баңги тобунун ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду.

25-майда Баткен облусунун Лейлек районунун Арка айылындагы чек ара тилкесинде комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, «Х.Т.У.» аттуу коңшу өлкөлөрдүн биринин жараны 8 кг 350 гр. болгон баңги заты менен кармалды.

Ал сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жазык проццестик кодексинин 98-беренесине ылайык, кылмышка шектелип, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмыштын башка дагы катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM