Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы жүргүнчү ташыган поезд каттамдары жанданат

Кыска кабар | 25 мая 2022 | 259 | 0

Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы жүргүнчүлөрдү ташыган темир жол каттамы жанданат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан кабарлашты.

Бишкек-Казан багыты боюнча биринчи каттам 6-июнда, Бишкек-Самара 8-июнда, Бишкек-Новосибирск 9-июнда каттай баштайт.

Билет сатуунун ачылыш боюнча кошумча маалымат берилет.

23-майга карата Казакстан жана Орусиянын мамлекеттик чек арасынын өткөрүү пункттарындагы чектөө чаралары жөнүндө жүргүнчүлөр үчүн маалымат.

Казакстандын мамлекеттик чек арасын кесип өткөн учурда ПЧР тесттин таза чыккан сертификаты талап кылынат. Кыргыз Республикасына кирүүгө эч кандай чектөөлөр жок.

«Кыргыз темир жолу» жүргүнчүлөргө Казакстан жана Орусиянын мамлекеттик чек араларын кесип өтүүдө санитардык эрежелерди сактоону сунуштайт. Ошондой эле, бул өлкөлөргө кирүү эрежелери менен таанышуу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM