Биз менен байланышыңыз

Чүй облустук ооруканасына Эрнст Акрамовдун ысымы берилет

Кыска кабар | 25 мая 2022 | 448 | 0

Министрлер кабинети Чүй облустук бириккен ооруканасына Эрнст Акрамовдун атын берүү чечимин колдоду. Бул тууралуу 24-майда Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов Twitter баракчасына жазды.

Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев хирург Эрнст Акрамовдун ысымын аталган ооруканага берүүгө татыксыз экенин айткан.

15-мартта жарандык активисттер жана дарыгерлер хирург Эрнст Акрамов жетектеген Чүй облустук ооруканасындагы калыбына келтирүүчү хирургия илимий институтунун жабылышына каршы болуп, Акрамовдун ысымын ооруканага ыйгарып, өзүнө жашай турган үй берүүнү сунушташкан.

14-мартта Акрамов жетектеген Чүй облустук ооруканасындагы калыбына келтирүүчү хирургия илимий борбору жабылганын министр Алымкадыр Бейшеналиев билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM