Биз менен байланышыңыз

Казакстандын банктары орус жарандарына банк картасын ачуу эрежелерин катаалдантты

Дүйнө , Кыска кабар | 25 мая 2022 | 753 | 0

Казакстандык банктар Орусиянын жарандарына банк картасын берүү эрежелерин катаалдантты. КТК телеканалы жасаган сюжетте казакстандык банктардын карталарынын орусиялык жарандарга баш аламан берилүүсү өлкөнү санкциялык тизмеге кирип калуусуна жол ачышы мүмкүн.

Учурда айрым банктар банк картасын алууну каалаган орусиялык жарандардан иштеген жана жашаган жеринен справка талап кылууда. Ал эми Казакстандын борбордук банкы бул абал боюнча комментарий берип, «резидент эместерден иштеген жеринин тастыктамасы же иш келишимин көрсөтүү талап кылынбайт, ошол эле убакта сураганга да тыюу салынган эмес», — деп билдирди. Ошондой эле, бул ар бир банктын өзүнүн талабына жараша каралат деп кошумчалады.

Орусия Украинага бастырып киргенден кийин Орусияда Visa жана Mastercard ишмердүүлүгүн токтоткон. Мындан улам орусиялыктар банктык эсептеги акчаларын доллар же евро түрүндө чыгарып алуу үчүн коңшу мамлекеттерде банк картасын ачтырып, ошол мамлекет аркылуу акчаларын чыгарып кетүүгө аракет кылууда. Коңшу Казакстанда соңку үч айда эле 12 миң орус жана беларус жараны банк картасын ачтырган.

Буга чейин Кыргызстандагы банктар аркылуу да орусиялык жарандар акча чыгарып жатканы социалдык тармактарда айтылган. Бирок бул тууралуу расмий маалымат берилген эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM