Биз менен байланышыңыз

Кадамжайга Нарын, Бишкек, Жалал-Абаддан 4 судья ротацияланды

Кыска кабар | 25 мая 2022 | 338 | 0

Кадамжай райондук сотуна Нарын, Жалал-Абад, Бишкек шаарларынан 4 судья ротацияланды. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун Баткенге болгон иш сапарынын алкагында белгилүү болду.

Кадамжай райондук сотунун төрагасы Марклен Нармырзаевдин айтымында, ротацияланган соттор турак-жай менен камсыз болуп, учурда сот иштерин карай башташты. Ошондой эле сотто 22 аппарат кызматкери эмгектенет.

Жогорку соттун төрагасы ротацияланган судьялардын эмгек өргүүсүнө чыгып кетүү, же дарыланууга кетүү фактыларынан кабардар экенин билдирди.

«Эмгек өргүүсүнө кеткиси келсе, ошол барган жериндеги ишин баштап, бир нукка салгандан кийин кетсин. Ар бир судья өзүнүн жумушуна күйбөсө, анын ишине ким күйөт? Тиешелүү эмгек өргүүгө эч ким каршы эмес. Ушул тапта судья ооруп калдым деп  жатып албашы керек. Мындай көрүнүштөр токтотулушу керек жана мыйзамдарга ылайык бардык судьялар иштерди сапаттуу, өз убагында кароого милдеттүү» , — деди  Замирбек Базарбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM