Биз менен байланышыңыз

Камактагы блогер Гүлзат Мамытбек бошотулду

Кыска кабар | 25 мая 2022 | 1201 | 0

Алдамчылыкка шектелип, камакка алынган блогер Гүлзат Мамытбек (Алымкулова) 3 жылга шарттуу түрдө кесилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Алдамчылык боюнча айыпталган Алымкулова күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк ал жазасын өтөөдөн бошотулуп, 3 жылга шарттуу кесилип, сот залынан бошотулду.

Айта кетсек, Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө 7 жаран арыз жазган. Алардын айтымында, Гүлзат Алымкулова (блогер Гүлзат Мамытбек) кыска мөөнөттө ири кирешеге ээ кыларын айтып, акчаларын алып, качып кеткен. Жарандар тарткан чыгым 110 миң долларды түзгөн.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен каттоого алынып, 2020-жылдын февраль айында өлкөдөн чыгып кеткен Гүлзат Алымкуловага издөө жарыяланган.

Кылмышка шектүү 2021- жылдын 25-октябрында Кыргызстанга кайтып келген жеринен дароо кармалып, камакка алынган. 28-октябрда баш коргоо чарасы каралып, тергөө бүткөнчө камакка алуу чечими чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM