Биз менен байланышыңыз

Динара Ашимова Социалдык саясат комитетинин төрайымы кызматынан кетти

Кыска кабар | 25 мая 2022 | 1092 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова Социалдык саясат комитетинин төрайымы кызматынан кетти. Бул тууралуу анын жазган арызын депутат Нуржигит Кадырбеков бүгүнкү жыйында окуду.

Эл өкүлүнүн айтымында, Ашимова Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясында Жогорку Кеңештин делегациясынын төрайымы катары жумуштун көлөмүнүн көптүгүнөн өз каалоосу менен кызматтан баш тарткан.

Мындан улам Кадырбеков Социалдык саясат комитетинин төрайымдыгына «Ыйман нуру» фракциясынын мүчөсү Венера Раимбачаеваны сунуштады.

Эске салсак, акыркы бир жумадан бери Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин жыйынына депутаттар толук келбей, кворум жоктугунан жыйындар өтпөй келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM