Биз менен байланышыңыз

Малиев Жапаровдун отставкасын талап кылды

Кыска кабар | 25 мая 2022 | 606 | 0

Бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Малиев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун отставкага кетүүсүн талап кылды.

Ал «Кумтөр» кенинин кирешесинен Нарын облусуна акча бөлүү боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун чечимин сынга алды.

«Мен «Кумтөрдөн» Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна акча бөлүп бергиле деп айтып келем. Бирок тилекке каршы, өкмөтүбүз ошол токтомду Нарын облусуна чыгарып жатат. Нарын облусунун «Кумтөргө» эмне тиешеси бар? Ансыз деле «Кумтөр» республиканын баарына жардам берип жатпайбы. Ошондуктан бул маселени күн тартибине киргизип, туура эмес токтом чыгарганы үчүн өкмөт башчы Жапаров отставкага кетсин. Уяты болсо өзү кетсин, болбосо мен президентке кайрылам»,- деди ал.

Парламенттин төрагасы Талант Мамытов депутатты аймактарды бөлбөөгө чакырды.

Эске салсак, кечээ «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому ар бир айдын 10унан кечиктирбестен компаниянын өткөн ай үчүн алынган дүң кирешесинин 0,6 пайызын сом менен Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында ачылган Нарын облусун өнүктүрүү фондунун атайын эсебине которуу боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун чечими чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM