Бүгүнкү күндө Бишкек шаарына көп кабаттуу үй куруу үчүн 257 жер тилкеси берилген. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыров Жогорку Кеңештин борбор калаадагы башаламан курулуштар боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, көп кабаттуу үй курулсун деп жер тилкеси 2018-жылдын 19-январында берилген. Андан бери бир да жер тилкеси бериле элек.
«Бүгүн биз Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары бекитип берген жобонун негизинде иштеп жатабыз. Бул жобо 2011-жылы бекитилген. Анда жерлердин курулушука берүү жол-жобосу бекитилген. Андан сырткары 2019-жылы кабыл алынып, бекитип берген 5 жобобуз бар. Бирок бүгүнкү кундө ал жоболор иштей элек. Андан сырткары 77 жер тилкеси мурда берилген кийин көп кабатуу үй курууга берилген» , — деди Кадыров.
Белгилей кетсек, бүгүн депутат Дастан Бекешев төрагалык кылган депутаттык комиссия борбор калаадагы башаламан курулуштар боюнча жыйын өткөрдү. Комиссиянын курамында депутаттар Исхак Масалиев, Винера Раимбачаева, Эльвира Сурабалдиева, Алишер Козуев, Жаныбек Абиров жана Аида Исатбек кызы бар.