Биз менен байланышыңыз

Индонезия Кыргызстан менен билим берүү тармагында кызматташууга кызыктар

Кыска кабар | 24 мая 2022 | 299 | 0

Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Индонезиянын Кыргызстандагы элчиси Сунарио Картадината менен жолугушту. Анда тараптар кыргыз-индонезия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Мадмаров Кыргызстандын 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине жана 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койгондугу тууралуу маалымдады. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын талапкерлигин колдоону суранды.

Мындан тышкары, саламаттыкты сактоо, маданият, айыл чарба, айлана-чөйрөнү коргоо, спорт, ошондой эле адал продукциянын сапатын камсыздоо багытындагы келишимдердин долбоорлорун макулдашуу процессин тездетүү зарылдыгын белгилешти.

Индонезиянын элчиси Картадината билим берүү тармагындагы кызматташууну активдештирүүнү сунуштады. Индонезиядан Кыргызстанга ар кандай адистиктеги мугалимдерди жөнөтүү, ошондой эле Кыргызстандын студенттерин Индонезиянын ЖОЖдорунда окутуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тууралуу айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM