Биз менен байланышыңыз

Казакстан менен Орусиянын белгилүү блогерлери Ысык-Көлгө саякат жасайт

Блог , Маек | 24 мая 2022 | 14164 | 0

Өткөн аптада Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда 2022-жылкы – жайкы туристтик сезондун ачылышы болгон. Анда Акылбек Жапаров Кыргызстанга туристтерди тартуу боюнча бир катар тапшырмаларды берген. Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулаймановдун демилгеси менен Ысык-Көл туристтик сезонуна карата туризмди өнүктүрүү, таанытуу максатында Кыргызстан, Казакстан жана Орусиянын белгилүү блогерлери Ысык-Көлдү таанытышат. Блогерлердин көлгө болгон саякаты тууралуу коомдук ишмер Шаирбек Маматокторов менен маек курдук.

— Кыргызстан, Казакстан жана Орусиянын белгилүү блогерлерин Ысык-Көл менен тааныштыруу кимдин идеясы жана ким уюштуруп жатат? 

— Бул идея Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулаймановго таандык. Алдыда Ысык-Көл туристтик сезону башталат, сезондун башталышында туристик жарнама болсун, дагы бир ирет жаңылап коелу деп Казакстан, Орусия, Өзбекстанга блогерлер аркылуу жарнама кылалы деп жатабыз.

— Ысык-Көлдү таанытууга канча блогер бара жатат?

— Жалпы 10 блогер бара жатат.

— Казакстан, Орусиядан келген блогерлер коомчулукка канчалык таанымал? 

— Биздин Кыргызстандын блогерлеринен баштасак, Медер Мурзаев, эстрада ырчысы Чолпон Талипбек, Кыргызстандагы эң популярдуу блогер Эльдана Сатыбалдиева, видеограф Тынчтык Мухамбетов, Tatu тобунун негиздөөчүсү Мирзада Майчинова бар. Ал эми Казакстандан белгилүү фотограф жана саякатчы блогер Адилет Рахметолла келди. Орусиядан Иван Беркус, Ангелина Никалау, Сергей Музлов келди. Ошондой эле азербайжандык Талат келди. Ар биринин 200 миңден 700 миңге чейин катталуучулары бар жана өз чөйрөсүнө белгилүү блогерлер.

— Блогерлер Ысык-Көлдү таанытууда кандай иш-чараларга катышат?

— Программа төрт күнгө белгиленген. Алар биздин жаратылышты, табиятты программа боюнча жарнама кылышат. Биринчи таш кордо даярдалат, аны тартышат. Андан кийин салбуурун, андан кийин Ак-Сайда трекинг, андан соң көлдүн жээгинде саякат. Андан кийин этно-шаарча «Номадфилде» жайгашабыз. Эртең эрте менен Боз-Салкын жайлоосуна жөнөйбүз, ал жактан көл көрүнөт, көлдү тартабыз. Мындан башка дагы  Ысык-Көлдүн райондорунда ар түрдүү иш-чаралар уюштурлган.

— Бул программаны уюштуруу ким тарабынан каржыланып жатат? 

— Чындыгында президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов өзү каржылап жатат. Себеби бюджеттен каражат бөлүп, тендер өткөрүүгө мүмкүнчүлүк жок. Азыр көлдүн сезону чукулдап калды. Ошого байланыштуу губернатор мырза өзү эле каржылап жатат. Андан сырткары анча-мынча жардам берген ишкерлер бар. Алар мейманканалар, кафелар, туркомпаниялар. Бирок каражатты толук бойдон Сулайманов өз чөнтөгүнөн бөлүп берди.

— Маегиңиз үчүн ырахмат!

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM