Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 13-14-июнда кыргыз-герман бизнес-форуму өтөт

Кыска кабар | 24 мая 2022 | 293 | 0

Бишкек шаарында 13-14-июнда кыргыз-герман бизнес-форуму жана кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму өтөт. Бул тууралуу 23-майда Германиянын Берлин шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия боюнча өкүлү Маттиас Люттенберг менен жолугушуусунда билдирди.

Жолугушуу учурунда кыргыз-герман мамилелерин өнүктүрүү, Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулганынын 30 жылдыгын майрамдоо алкагында биргелешкен иш-чараларды жана өз ара сапарларды уюштуруу талкууланды.

Ошондой эле эл аралык кырдаал, Кыргызстан менен Европалык Биримдиктин ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү жана ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара мамилелер боюнча маалымат алмашуу болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM