Биз менен байланышыңыз

«Кумтөрдүн» кирешесинин 0,6% Нарын облусун өнүктүрүү фондуна которулат

Кыска кабар | 24 мая 2022 | 153 | 0

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому ар бир айдын 10унан кечиктирбестен компаниянын өткөн ай үчүн алынган дүң кирешесинин 0,6 пайызын сом менен Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында ачылган Нарын облусун өнүктүрүү фондунун атайын эсебине которот.

Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Мындай чечим Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жакшыртуу максатында кабыл алынган.

«Кумтөрдүн» кирешесинин 0,6 пайызын Нарын облусун өнүктүрүүгө жумшоо тууралуу буга чейин президент Садыр Жапаров аймактын жашоочулары менен жолугушууда айткан.

Быйыл 4-апрель күнү президент «Кумтөр» алтын кени боюнча «Центерра Голд» компаниясы менен доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге кол коюлганын жарыялаган.

«Кумтөр» кени толугу менен мамлекетке өткөнү, рекультивациялык фонддогу каражат Кыргызстанга берилери айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM