Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан айым-режиссерлорунун IV кинофоруму» өтөт

Кыска кабар | 24 мая 2022 | 164 | 0

26-27-28-май күндөрү Бишкекте «Кыргызстан айым-режиссерлорунун IV кинофоруму» өтөт. Уюштуруучулардын маалыматына караганда, иш-чара быйыл Швейцария өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен өтөт жана ага коңшу мамлекеттерден да коноктор чакырылат.

Бул жылы кинофорумга 40тан ашык фильм келип түшкөн. Алардын ичинен 14 тасма тандалып алынды.

«Кыргызстан айым – режиссерлорунун I кинофоруму» алгачкы ирет 2016-жылы 17-декабрда өткөн. Кинофорумдун максаты, режиссер айымдардын башын бириктирүү, өз ара пикир алышууга шарт түзүү, аларды шыктандыруу, режиссер жана сценарист айымдардын тасмаларын, эмгектерин жайылтуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM