Биз менен байланышыңыз

Үрүмчү – Бишкек аба каттамы жанданат

Кыска кабар | 24 мая 2022 | 169 | 0

Үрүмчү – Бишкек – Үрүмчү багыты боюнча аба каттамы июнь айынан тарта жанданат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин ортосунда жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгында ушул жылдын июнь айынан баштап Үрүмчү – Бишкек – Үрүмчү багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдарын жандандыруу боюнча макулдашууга жетишти.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын калыбына келтирүү боюнча маселелер жакынкы аралыкта эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосунда макулдашылмакчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM