Connect with us

Бүгүн Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү боюнча жыйын өтөт

Кыска кабар | 24 Май 2022 | 225 | 0

Бүгүн, 24-майда саат 15:00дө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргызстандын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча кино ишмерлери менен жыйын өтөт.

Жыйын президент Садыр Жапаровдун улуттук кино индустриясын өнүктүрүү боюнча чыккан жарлыгынын негизинде өткөрүлөт.

Жыйын маданият, малымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун төрагалыгы астында өтөт. Анда алдыда жасала турган кадамдар жана биринчи кезекте чечүүгө муктаж болгон маселелер талкууланып, тиешелүү чечимдер чыгып, тапшырмалар берилет.

Иш-чарага кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев, кинематография департаментинин директорунун орун басары Айзада Усупбекова, Т. Океев атындагы Кыргыз улуттук киностудиясынын директору Акжол Бекболотов, «Кыргыз тасмасы» мамлекеттик ишканасынын директору Досалиев Турсунияз, Кыргыз Республикасынын эл артисти, кинорежиссёр Артык Суйундуков, Кыргыз Республикасынын эл артисти, кинорежиссёр Марат Сарулу, Кинематографисттер союзунун төрагасы Айбек Дайырбеков, кинорежиссёр, Кыргыз Республикасынын эл артисти Актан Арым Кубат катышат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM