Биз менен байланышыңыз

Тажикстанга аткезчилик жол менен бараткан жүк кармалды (видео)

Кыска кабар | 24 мая 2022 | 415 | 0

30-апрелинде Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду айылынан Тажикстанды көздөй бара жаткан жүк ташуучу унаанын айдоочусу К.Ж.И. аттуу жаран аткезчилик жол менен минералдык жер семирткичтерди ташып бара жаткан жеринен кармалган. Бул факты боюнча материалдар Маалыматтык каттоо журналына катталып, учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүү учурунда жогоруда аталган унаанын бортунан Казакстандан чыгып, коңшу мамлекеттерге мыйзамсыз жөнөтүлүүчү, жалпы көлөмү 4 тоннаны түзгөн, ар бири 50 кг болгон 80 кап минералдык жер семирткич табылган.

«Эксперт Баалоо»жоопкерчилиги чектелген коомунун корутундусуна ылайык, табылган товардын орточо базар баасы 152 миң сомду түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM