Биз менен байланышыңыз

УКМК: Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган жер астынан өтүүчү жол табылды

Кыска кабар | 23 мая 2022 | 184 | 0

20-майда Ош облусунун Кара-Суу районунун Тельман айылында жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргызстанды Өзбекстан менен жер асты аркылуу байланыштырган тоннель табылган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызмат билдиргендей, бул тоннелдин тереңдиги 15 метр, туннелге кире бериш жери 1,8 метр, туурасы 1,5 метрге жакын. Кире бериштен чек ара сызыгына чейин 40 метр, тоннелдин кире беришинен чыгуусуна чейинки аралык 270 метрди түзөт.

Жер астынан өтүүчү жол М.А.М. аттуу жарандын үйүнүн короосунан табылган. Ал учурда Жалал-Абад облусуна караштуу Кызыл-Жар психиатриялык бөлүмүндө дарыланууда. Анын акыл-эсин текшерүүгө кайрадан экспертиза өткөрүү пландаштырылууда.

Учурда кылмышка тиешелүү заттарды алуу иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM