Биз менен байланышыңыз

Баткен облусунда «Окурман окуучу» китеп окуу сынагы жыйынтыкталды (тизме)

Кыска кабар | 23 мая 2022 | 1070 | 0

21-майда Баткен облусу боюнча 10-11-класстар арасында «Окурман окуучу» аттуу китеп окуу сынагы өттү. Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» романы жана Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повести боюнча 249 мектептен үч миңден ашык окуучу катышты.

Долбоор Кадамжай «Семетей» лицейинин бүтүрүүчүлөрү тарабынан каржыланып, жалпы бюджети 850 миң сомду түздү.

Сынак Лейлек, Баткен, Кадамжай жана Кызыл-Кыя шаарларында өтүп, ар бир аймактан биринчи болгон окуучуга Дубайга жолдомо берилди.

-Айнура Жулдиева — Лейлек районунун Достук орто мектеби
-Жасмина Кумарбек кызы — Баткен шаарындагы Баткен облустук гимназия-жатак мектеби
-Акмөөр Ибраимова — Кадамжай шаарындагы Б. Айтматов орто мектеби
-Альбина Ботобаева — Кызыл-Кыя шаарындагы Темир Иметов орто мектеби

Ал эми бешинчи жолдомо облустун мыкты мугалими деп табылган Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминовго ыйгарылды.

Башка алдыңкы орунду алган окуучуларга баалуу белектер тапшырылды.

Сынакты уюштуруу иштерине Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү жана «Рекорд» билим борбору да көмөктөштү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM