Connect with us

Ошту таза суу менен камсыздоо долбооруна июлда тендер жарыяланат

Кыска кабар | 23 Май 2022 | 414 | 0

Бүгүн, 23-майда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов нөшөрлөп жааган жамгыр жана сел учурунда жарандарды ичүүчү суу менен камсыздоо маселеси боюнча маалымат берди. Шаар башчы быйылкы жылы ишке ашырыла турган долбоорлорго токтолду.

«Жарандарды таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында Ак-Буура дарыясынын жогору жагындагы суу алуучу тосмону 2,4 чакырымга жылдыруу долбоору даярдалган. Бул долбоордун алкагында азыркы «Плотина» суу тосмосунан диаметри 1000 мм болгон суу түтүгүн тартуу пландалууда. Бул долбоор нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкын учурунда жарандарды таза суу менен камсыздоо маселесин 75-80%га чечет. Долбоор Министрлер кабинети тарабынан колдоого алынып, тиешелүү долбоордук-сметалык документтер даярдалды», — деди Мамбетов.

Бул долбоордун баасы 3 млн долларды түзөт, каржылык колдоону гранттык негизде Азия өнүктүрүү банкы көрсөтөт. Учурда техникалык документтер даярдалып жатат, бул иштерди аткаруу үчүн июль айында тендер жарыяланат.

Алмаз Мамбетов ошондой эле сууну мембраналык тазалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоор иштелип жатканын, бул ылайлануу күчөгөн мезгилде тазалоо көрсөткүчүн жогорулата турганын белгиледи.

«Учурда сууну мембраналык тазалоо технологиясын киргизүүнү да карап жатабыз. Бул технология азыр Бакуда активдүү колдонулуп жатат, ал жерге маселени тереңирээк изилдөө үчүн тиешелүү адистер жиберилет. Ошондой эле, бул технология Казакстанда аз көлөмдө колдонулат. Бул технологияны Ош шаарында пилоттук киргизүү пландалып жатат, эгер ал өзүн актаса, анда биз аны кеңири масштабда ишке киргизебиз. Анда суткалык тазалоо 150 миң куб метрден кем эмес болот», — деди мэр.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM