Биз менен байланышыңыз

Инвесторлор үчүн бир катар ченемдик укуктук актылар англис тилине которулат

Кыска кабар | 23 мая 2022 | 141 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигине Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте Кыргызстандын бир катар ченемдик укуктук актыларынын англис тилиндеги котормосун даярдоону тапшырды.

Бул демилге чет өлкөлүк инвесторлордун Кыргызстандын мыйзамдары жөнүндө зарыл жана маанилүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн жогорулатат жана өлкөнүн инвестициялык климатына оң таасирин тийгизет.

Чечимге ылайык, Кылмыш-жаза кодекси, Укук бузуулар жана Салык кодекстери, «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө», «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамдар жана инвестиция жаатындагы башка ченемдик укуктук актылар англис тилине которулат.

Документтер которулгандан кийин тексттер Министрлер кабинети тарабынан таанылган расмий котормо катары бекитилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM