Биз менен байланышыңыз

Сүлүктүдө бөлүм башчы 2,5 млн сом мыйзамсыз айлык алып жүргөн

Кыска кабар | 23 мая 2022 | 498 | 0

Баткендин Сүлүктү шаардык ички иштер башкармалыгынын каржы бөлүмүнүн башчысы өзүнө мыйзамсыз түрдө 2,5 млн сом өлчөмүндө көбөйтүлгөн айлык акы кошуп алып жүргөнү аныкталды.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Сүлүктү шаардык милициясынын каржы бөлүмүнүн башчысы М.Р. 2019-2021-жылдар аралыгында өзүнө тийиштүү айлык акысынан сырткары, 2 млн 482 миң 586 сомду кымырып алган. Милициянын башка кызматкерлерине 138 миң 77 сом которуп жүргөн.

Мындан сырткары, жалданма жана жарандык персоналдарга жалпы 520 миң 393 сом мыйзамсыз төлөнүп берилген. Мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы суммасы 3 млн 141 миң сомду түзгөн.

Бул фактылар боюнча Баткен областтык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM