Биз менен байланышыңыз

Жеке автобус жана маршруткаларда да жол кире карта менен төлөнө баштайт

Кыска кабар | 23 мая 2022 | 414 | 0

Быйыл сентябрь же октябрь айында Бишкектеги жеке автобус жана маршруткаларда да жол кире акысы карта менен алына баштайт.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 23-майдагы жыйынында Бишкек шаарынын транспорт департаментинин башчысы Максат Нусувалиев айтты.

2020-жылдын март айынан тарта швейцариялык компаниясынын долбоорунун алакагында борбор калаада «Тулпар» картасы иштөөдө. Бирок муниципалдык транспортто накталай төлөм жоюлбаганына байланыштуу электрондук билет толук иштей элек.

1-июлдан тарта Бишкек шаарынын автобус жана троллейбустарында жол кире үчүн накталай төлөмдөр кабыл алынбайт, жүргүнчүлөр накталай эмес төлөм ыкмаларын пайдаланышат.

Долбоордун биринчи этабында муниципалдык транспорт, андан кийин күз айларында жеке транспортторго да валидаторлор коюлуп, накталай төлөм кабыл алынбайт.

Бүгүнкү күндө автобус, троллейбустарда жол кире акысы 11 сом.

— «Тулпар» транспорттук карталарынын үч категориясы бар  (стандарт, мектеп окуучулары үчүн, жеңилдетилген);

— Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталарын;

— виртуалдык NFC картасы;

— «Тулпар» жана Balance тиркемесинде QR код сканерлөө;

— «Тулпар» тиркемесине транспорттук кодду киргизүү ыкмасын да колдонсо болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM