Бишкек шаарын толук камтуу үчүн 1,5 миң чоң автобус керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 23-майдагы жыйынында Бишкек шаарынын транспорт департаментинин башчысы Максат Нусувалиев айтты.
Учурда мэриянын балансында 476 автобусу бар, анын 85и гана ишке жарактуу. Калган 300дөн ашыгы толук талкаланып, керектен чыккан.