Биз менен байланышыңыз

Жолболдуеванын иши боюнча 16 милиция кызматкерине чара көрүлдү

Кыска кабар | 23 мая 2022 | 1014 | 0

Блогер Батмакан Жолболдуеванын иши боюнча Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн 11 кызматкерине сөгүш жана беш кызматкерине катуу сөгүш берилди. Райондук милициясынын башчысынын орун басарына кызматтан төмөндөтүү менен бошотуу тартиптик чарасы көрүлдү.

Бул тууралуу Акыйкатчы институту кабарлады.

Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча шектүү катары кармалган блогер Батма Жолболдуева менен Акыйкатчынын Баткен облусундагы өкүлү 28-мартта жолуккан. Экинчи ирет 5-апрелде жолукканда арыз-дооматы жок экенин билдирген.

13-апрелде Жолболдуева Баткен облустук сотунун чечими менен Жалал-Абаддагы №53 ТИЗОго которулган. Акыйкатчынын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү эртеси 14-апрелде ага жолукканы барганда, Б. Жолболдуева Баткен ИИБ УКЖнын кызматкерлери тарабынан орой мамилеге, моралдык басымга чыдабай, колунун кан-тамырын кескени белгилүү болгон.

Ал Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынын жетекчисинин жана кызматкерлеринин иш-аракеттеринде орой мамиле жана коркутуулар болгонун жазган.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Баткен облустук милициясынын убактылуу жайынын кызматкерлерине карата жоопкерчилик чара көрүүнү талап кылып, Башкы Прокуратурага расмий кат жөнөткөн.

AKИpress маалымат агенттигинин аймактык кабарчысы Арзыгүл Галымбетова 25-март түнү жүрөгү токтоп каза болгону кабарланган. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин «этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» фактысы менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Журналисттин өлүмүнө шектүү катары Баткен шаарынын 33 жаштагы тургуну Батма Жолболдуева кармалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM