Биз менен байланышыңыз

Сокеев: 50 жыл сел келбеген жерлерди суу каптоодо

Кыска кабар | 23 мая 2022 | 753 | 0

Кыргызстанда июль айынын аягына чейин сел жүрө бериши мүмкүн. Учурда 50 жыл сел келбеген жерлерди суу каптоодо.

Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстар агенттигинин директору Алмаз Сокеев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 23-майдагы жыйынында билдирди.

Тазалоо иштерине мамлекеттин техникасы менен кошо, менчик техникалар да колдонулуп жатат. Селден жабыркаган насостук станцияларды калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Сокеевдин айтымында, ушул жылдын апрель-май айларында нөшөрдөн улам сугат маалына даярдалган мамлекеттик ирригациялык объектилер зыянга учурады. Селден өлкө боюнча 48 суу чарба объектиде кыйроо болуп, чыгымы 18,4 миллион сомду түздү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 21-22-май күндөрү ак жаандын кесепетинен Аксы районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Жаандан улам райондун Кашка-Суу, Кара-Суу, Авлетим, Ак-Суу, Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүндөгү 4 миң 370 метр ички жолду, 6 ички чарбалык көпүрөнү сел алган.

Андан сырткары 29 турак үйдүн тамаркаларын (чарбагын) суу каптап, 1 социалдык объект менен 6 турак үйдүн ичине суу кирген.

Жеринде жарандык коргонуу кызматтары жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы иш алып барууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM