Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБ лидерлери эмнеге Бишкекке келүүдөн баш тартты?

Саясат | 23 мая 2022 | 4099 | 1

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында 27-майда өтөт. Бул иш-чара Кыргызстан үчүн эң чоң мааниге ээ экендигин Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев даярдык иштери менен таанышуу учурунда билдирген. Алдын ала түзүлгөн план боюнча ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин лидерлери 25- май кечинде «Манас» эл аралык аэропортуна коно баштамак. Бирок 20-майда президенттин маалымат кызматы жыйын онлайн форматта өтмөй болгонун жарыялады. Алар иш-чаранын видеоконференция форматында өткөрүү чечими учурдагы эл аралык кырдаалды эске алуу менен кабыл алынгандыгын белгилешүүдө. Өлкө лидерлеринин Кыргызстанга келбей калуусу коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратууда. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

26-27-майда Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны жана анын алкагында Евразия экономикалык форумун өткөрүү пландалган. Анда ЕАЭБдин мамлекет башчыларынын катышуусунда пленардык жыйын, ошондой эле алты панелдик сессия жана ЕАЭБдин агроөнөр жай товарларынын көргөзмөсү пландаштырылган.

19-майда Беларусь президенти Александр Лукашенко Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын башчысы Михаил Мясникович менен жолугушууда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн президенттери Бишкекке келбей турганын билдирген.

Эми 26-майда өтө турган Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйыны видеоконференция форматында өтүп, саммиттин күн тартибинде 14 маселе каралмакчы.

Ал эми Евразия экономикалык форумдагы секциялардын жана панелдик талкуулардын иши пландалгандай эле Бишкекте бетме-бет өткөрүлөт.

Президенттин басма сөз кызматы жыйындын онлайн форматта өткөрүү чечиминин себебин учурдагы эл аралык кырдаалга байланыштурууда.

Мындан бир жума мурда, тагыраагы 16-майда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун коопсуздук кеңешинин жыйынында Орусия ага мүчө өлкөлөрдөн колдоо таппагандыктан Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына келүүдөн баш тартып, кыр көрсөтүп жатат деп эсептейт, көз карандысыз серепчи Руслан Акматбек.

Анын айтымында, муну менен Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеш бир гана өлкөнүн кызыкчылыгын көздөп, ага мүчө өлкөлөр тең укуктуу эместигин дагы бир жолу далилдөөдө.

«10 күн мурда Орусиянын Москва шаарынында Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун коопсуздук кеңешинин мааракелик жыйыны болду. Ага мүчө мамлекеттердин президенттери бири калбай барды. Эч кандай коопсуздук жана пандемияга байланыштуу маселелер каралган эмес. Толук кандуу жыйын өттү. Ага чейин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны белгиленген, ага баардык мүчө өлкөлөрдүн президенеттери келебиз дешкен. Бирок тилекке каршы, бир канча күн калганда келбей коюшту. Бир гана Казакстандын президенти Токаев расмий сапар менен келмей болгон. Эми «өлкөлөр эмне үчүн келбей калды» десек, бул ЖККУ болсун, ЕАЭБ болсун, алар Орусиянын, Путиндин кызыкчылыгынын негизинде курулган уюмдар экендигин көрсөттү. Экинчиден, ага мүчө болгон өлкөлөр баары тең укуктуу эмес. Бирөө негизги өлкө, калгандары экинчи даражадагы өлкө экендигинин далилдеди. Менин оюм боюнча Путин ЖККУнун жыйынында Украина менен болгон согушка колдоо күткөн. Бирок ал колдоону эч бир өлкө көрсөтпөй койду. Буга байланыштуу Путин кыр көрсөтүп жатат. Бул Кыргызстандын Путиндин назарындагы даражасын көрсөтөт». 

«Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан Украина маселеси боюнча калыс позицияны кармап жатат. Муну бийликектин коопсуздук маселесинде бир гана Орусиядан көз каранды болбой, тышкы саясатта өз алдынча болуу аракети катары баалайм жана колдойм» , — дейт саясатчы Бектур Асанов.

«Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Ошондой эле мүчө болбосо дагы байкоочу өлкөлөрдүн лидерлери катары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келе жатат. Булардын өзү «Борбордук Азия өлкөлөрү сырткы саясатта өз алдынча болсок, биргелешип аракет кылсак» деген белги деп түшүнсөк болот. Ошондуктан колу-коңшулар менен тыгыз мамиледе болушубуз керек. Экинчиден, Түрк дүйнөсү деген долбоор акыркы жылдары ишке ашып жатат. Себеби биздин коопсуздугубуз бир гана мамлекеттен көз каранды болбош керек. Башка өзүбүздүн союздаштарыбызды табышыбыз зарыл. Түркия, Батыш өлкөлөрү менен дагы тыгыз мамиледе болушубуз керек. Өзгөчө Өзбекстан жана Казакстан менен биргеликте болгон аракет, эң туура кадам деп ойлойм».

16-майда Орусилык басылма Кыргызстан Орусия менен мамилени үзүп, Батышка ыктай баштаганын чагылдырган макала жарыялаган. Анда автор мунун баарына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевди айыптаган. Ташиевдин жардамчысы, журналист Өткүрбек Рахманов аталган макалага комментарий берип, аны Ташиевди атайын каралоо үчүн жазылган «буйрутма» материал катары баалаган. 20-майда Ташиевди айыптаган макала кайрадан сайттан өчүрүлгөн.

Серепчи Бакыт Жумагулов Ташиевди айыптаган макаланын айланасында кандайдыр бир чоң оюндар болуп жатканын байкоого болот деп эсептейт.

«Ташиевдин өкүлү бул макаланы төгүндөдү, анын Орусияда билим алгандыгын жазды. Ошондой эле Тышкы иштер министрлиги да  бул боюнча айтты. Ташиев өзү дагы позициясын айтып койсо, маселе жабылып кала тургандай  болуп турат. Тышкы иштер министрлигинин айтканы жетиштүү болушу мүмкүн, бирок Ташиев дагы өзүнүн позициясын билдирип койсо, маселе толук жабылып калмак. Бирок мунун айланасында кандайдыр бир чоң оюндар болуп жатканын байкоого болот. Орусиянын сайтындагы макаланы бирөөлөр атайын чыгартып жатабы, же «Кремль» жактан кандайдыр бир белги келип жатабы? Булардын баары суроо бойдон турат».

Эл аралык мамилелер боюнча серепчи Кубан Абдымендин пикиринде, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйнына Кыргызстандын төрагалык кылышы өлкөнүн аброюна, келечегине жол ача турган чоң мүмкүнчүлүк. Ошол эле учурда жыйынды  онлайн форматта өтүшү учурдун талабы.

«Чогулуп бетме-бет отуруп сүйлөшкөндө таасири, эффективдүүлүгү жогору болот деп эсептелет. Себеби онлайн жыйында эки тараптуу сүйлөшүүгө мүмкүн болбойт. Демек чече турган маселелердин арасында эки тарап болуп калган учурларды онлайн түрүндө өткөргөнгө мүмкүн эмес. Ошол себептен анын таасири, мааниси, салмагы да азыраак болуп эсептелет. Көпчүлүгү онлайн, бир гана Казакстандын президенти өлкөгө келип жыйынга катышкандагысынын артында көп себептер турат деп айтылып жатат. Бирок эл аралык деңгээлдеги кырдаалдын туруктуу болбой жаткандагысы, анын үстүнө Кыргызстандын учурдагы абалы батыштагылардын тыкыр көзөмөлү астында. Ошондуктан жыйынга катыша турган өлкөлөрдүн баарын таразага салып, таразалагандан кийинки чечими ушул болсо керек деп ойлойм. Бул эми расмий версия. Чындап келгенде, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп кирген башка өлкөлөргө караганда таасири жагынан бир топ төмөн тургандыктан, «барбай койсок, биз чече турган маселени башка жерден чечебиз» дегендей мамиле кылып коюшу мүмкүн. Жалпылап айтканда онлайн жыйын акыркы жылдары кеңири жайылып бара жатат. Себеби эч кандай ашыкча чыгымы жок. Бул жыйындын онлайнга өткөндөгүсү бүгүнкү күндүн заманбап көрүнүшү деп эсептеш керек, анын артынан саясий оюндар жүрүп жатат деп айтууга эрте. Эгерде онлайн жыйынга да катышпай койсо, ошондо айтсак болот».

Жыйынга Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышат. Байкоочу өлкөлөрдүн лидерлери катары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Кубанын президенти Мигель Диас-Канель да бул жыйынга чакырылган.

1 пикир

1 пикир

  1. Каныбек Парманов

    24.05.2022 17:18

    ЕАЭБден жана Путиндин чеңгелинен чыгуунун амалын издеш керек. Алар менен бирге болсок, бизде перспектива жок, өнүгүү мүмкүн эмес жана келечегибиз бүдөмүк. Бийлик бүгүнкү тышкы саясаты, жалпысынан, туура жана аны колдоймун.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM