Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Алар гуманитардык, соода-экономикалык тармактарда эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары, өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана товар жүгүртүүнү жогорулатуу максатында, жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга даяр экендиктерин белгилешти.